• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Булак-Башы жергесинде саат 06:50дө Тажикстандын “Кех” чек ара посту тараптан Кыргызстандын “Булак-Башы” чек ара посту тарапка ок атылган. Буга жооп катары кыргыз тараптан да тажиктердин чек ара посту тарапка ок атылган. Эки тараптын чек арачылары дароо согуштук позицияны ээлешкен. Ок атышуу саат 07:00дө токтогон.

"Ал арада Кыргызстандын Баткен облусу жана Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара жетекчилеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсү өттү. Окуя болгон жерге тараптардын Чек ара кызматтарынын жетекчилери жөнөп кетишти. Бирок, саат 07:50дө тажик тарап гранатомед жана минометторду колдонуу менен кайрадан ок ата баштаган. Ок атышуу саат 08:10до токтогон. Азыркы учурда тараптар ок атышуунун себебин тактоо максатында жолугушуу өткөрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилегендей, саат 08:40ка карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал курч деп мүнөздөлүүдө.

КР УКМК Чек ара кызматы абалды турукташтыруу үчүн бардык чараларды көрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий