• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу болду

Аймак 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу болду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы кабарлайт.

"14-сентябрь саат 14:00гө карата Баткен районунун Как-Сай жерлигинде Тажикстан УКМКсынын Чек ара аскерлигинин чек арачылары КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен чек ара отрядынын “Достук” чек ара заставасынын чек арачыларын көздөй ок чыгарышкан. Кыргыз чек арачылары жооп кайтарып ок чыгарышты. Ок атышуу уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган”, - деп айтылат маалыматта.

Учурда ок атуу токтоду, бирок кырдаал чыңалуу бойдон калууда.

Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын натыйжасында КР УКМКнын Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери жараат алды.

Пикир

Оставить комментарий