• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында курман болгондордун жакындарына жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында курман болгон 36 адамдын жакындарына жаңы үйлөрдүн ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чара 16-сентябрда өтүп, ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, үйлөрдү курууну шейит кеткен эр-азаматтардын жакындарын колдоо максатында КР президенти Садыр Жапаров демилгелеп, “Ихлас” жана “SMA group” копаниялары тарабынан каржыланды. Үй үч бөлмөлүү жана ашканасы, керектелүүчү заманбап шарттары, күнүмдүк тиричиликке керектелүүчү атайын жабдыктары бар.

Пикир

Оставить комментарий