• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал туруктуу, сүйлөшүүлөр уланууда

Коом 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал жалпысынан туруктуу, - деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, дем алыш күндөрү чектеш райондордо чыр жана жергиликтүү тургундардын топтолгондугу байкалган эмес.

КРнын вице-премьер министри Жеңиш Разаков КР Мамлекеттик чек ара кызматынын, ИИМдин, облустук администрациянын башчылары менен биргеликте Баткен облусунда жүрөт.

Чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча учурда Кыргызстан менен Тажикстандын делегаттарынын сүйлөшүүлөрү уланууда.

Исфана-Ворух (ТР) жана Баткен-Лейлек (КР) жолдору дагы деле жабык бойдон калууда.

Учурда жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү улантылууда.

Кыргыз-тажик чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантышууда.

Пикир

Оставить комментарий