• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду

Өкмөт 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Документке Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшту.

Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулуш иштерин улантуу макулдашылды. Чектеш аймактардагы транспорттук каттам мурдагы режимде толук калыбына келтирилет. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өзгөчө белгилегендей, Протоколго кол коюуда эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыктары эске алынды.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик башчылары Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулушу жүрүп жаткан жерди көрүп келишти.

Ошондой эле белгилей кетсек, Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы кыдаалдын кесепеттерин иликтөө боюнча биргелешкен териштирүү тобунун иши улантылат.

Пикир

Оставить комментарий