• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Кырдаал оор – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 8-май күнү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыгып, учурда абал оор деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынын билдиргени боюнча, бүгүн Баткен облусунун Чек аттуу жергесинде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Аталган жер тактала элек болгон, бирок аны иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып келген.

"Кыргызстандын 30-40 жараны жана Тажикстандын 30-40 жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. Чыр учурунда аңчы мылтыгынан ок атылган. Чырдын курчушун болтурбоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Кырдаал бир нече убакытка басаңдаган", - деп айтылат маалыматта.

Чыр басаңдаганда эки өлкөнүн жарандары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан.

"Бирок Тажикстандын чек ара кызматкерлери күтүүсүздөн миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок ата баштаган. Учурда кыргыз-тажик чек арасында абал оор катары бааланууда", - деп билдирет Чек ара кызматы.

Пикир

Оставить комментарий