• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Кырсык 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-майда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Мойнок жерлигинде Кыргызстандын чек ара кезмети Тажик Республикасынын "Ворух" анклавынын жергиликтүү жашоочулары тарабынан Кыргызстандын аймагына мал-жандыктарын кайтаруу аракетин болтурбай, жокко чыгарышкан.

Тажик тараптан белгисиз адамдар тарабынан кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарып, атып башташкан. Болжол менен саат 11:40 чамасында кыска убакытка Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтеринин ортосунда атышуу орун алган. Кыргызстандын чек арачыларынан жаракат алгандар жок.

"Ал эми саат 12:20да чыр-чатак чыккан жерде Кыргыз Республикасынын менен Тажик Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду. Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы аталган жерликтеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Эки тарап чыр-чатактын келип чыккан факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий