• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасында оор курал колдонуу менен кайрадан ок атылды

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кайрадан ок атылды. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 07:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.

"Саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат кылууда жана абалды турукташтырууга жана жаңжалдын чыгып кетүүсүн алдын алууга бардык күчүн жумшайт.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, - деп айтылат маалыматта.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Көп өтпөй атышуу токтогон. Бул аймактагы окуядан Кыргызстандын эки жай тургуну олуттуу жаракат алышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди.

15-сентябрь саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп маалымат берилген.

Пикир

Оставить комментарий