• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасында жараат алган 88 жаран ооруканаларда дарыланууда

Ден соолук 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында жараат алган 88 жаран ооруканаларда дарыланууда, - деп билдирет өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун башчысынын орун басары Эрлан Сапарбаев кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жараат алган жарандардан кабар алды.

Эрлан Сапарбаев Баткен облустук биргелешкен ооруканасында дарыланып жаткан бейтаптардын ар бири менен баарлашып, тез сакайып кетүүсүн каалоо менен, алардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлөөрүн билдирди..

Жараат алгандар бардык керектүү медициналык каражаттар менен камсыз болууда.

Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн,Баткен облусуна өлкөнүн бардык аймактарынан 70ке чукул дарыгер келген.

Пикир

Оставить комментарий