• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасында жашоочулардын арасында чыр чыкты

Аймак 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. 12-сентябрда Баткен районунун Бакай айылынын жана Тажикстандын Исфарин районунун Тажикон айылынын жашоочуларынын ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын себеби Тажкион айылынын жашоочуларынын суу түтүктөрүн төшөп башташы болгон.

Аталган аймак такталбаган мамлекеттик чек ара тилкесине киргендиктен, чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Бирок Тажикстандын жарандары эрежеге баш ийбегендиктен, Баткендин Бакай айылынын тургундары ишти токтотууну талап кылышкан. Эки айылдын жашоочулар кайым айтышууга өтүшүп, конфликт жарым сааттан соң токтогон.

Ошол эле күнү КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча жетекчилиги Тажикстандагы кесиптештери менен жолугушуу өткөрүшүп, аталган айылдын жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө макулдашкан.

Учурда Тажикстандын Исфарин районунун жана КРнын Баткен районунун акимдери чек арадагы райондордун жашоочулары менен жолугушууда. КРнын жана Тажикстандын облустук жетекчилеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүүдө. КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндөгү абалды көзөмөлдөөдө. Баткен облусундагы чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн таризде кызмат өтөөгө өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий