• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө кечээ, 15 май күнү саат 23:09да катталып, очогунда күчү 3 баллга чейин жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында 2 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий