• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 12.06.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

КРнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 12-июнда болжол менен саат 07:31де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий