• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курчуду – Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал курчуду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ММК жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн кабарлашты.

Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышкан чек ара жашоочулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында тажик тараптан Кыргызстандын жарандары тарапка эки ок атуу болгон. Жыйынтыгында чек арачы жоокер жарадар болгон.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган тилкесинде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөн.

Исфара-Ворух унаа жолундагы кыймыл токтотулган. Ошондой эле, Тажик Республикасынын жарандары Исфана-Баткен жолун жабышкан.

Бүгүн, 23-июль күнү Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын жетекчилеринин жолугуусу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий