• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайра курчуду

Коом 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы абал курчуду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 16:10дө абал чыңалган. Кыргызстан менен Тажикстандын жашоочулары бири-бирине таш ыргыта баштаган.

Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын билдиргени боюнча, Тажикстандын күч органдары тарабынан тартипти көзөмөлдөп турган милиция кызматкерлерине ок атылып, бир милиция кызматкеринин бутуна ок тийген.

"Оор абалдагы милиция кызматкери Баткен облустук борборлоштурулган ооруканасына жеткирилип, дарыгерлер тарабынан жардам көрсөтүлүп жатат", - деп билдирет Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгы.

Ал эми чек ара кызматы билдиргендей, абалды жөнгө салыш үчүн асманга ок атууга туура келген.

"Абалды жөнгө салыш үчүн чек арачылар эскертүү иретинде асманга ок атканга туура келди. Андан эч ким жабыркаган жок. Азыр эки өлкөнүн жарандарын чек арадан өткөрбөө аракеттери көрүлүүдө. Болбосо, эки тараптын чек арачылары ок атууга мажбур болот", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

Учурда, ал жакта күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери коомдук тартипти сактап жатышат.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-март күнү саат 15:30да Кожогар аймагында Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Баткен облусундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.

Пикир

Оставить комментарий