• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Түн тынч өттү

Аймак 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. Саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, эч кандай окуя катталган жок.

"Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, түн ичинде тараптар туруктуу жайгаштыруу пункттарына кошумча күчтөрдү жана каражаттарды алып чыгууну аякташты; Укук коргоо органдарынын бөлүктөрү чек арага жакын аймактарды биргелешип күзөтүштү", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, тараптардын чек ара отряддары чек аранын такталбаган тилкелерине коюлган эмес.

КР УКМКнын Чек ара кызматы Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, - деп айтылат маалыматта.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Бирок ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Көп өтпөй атышуу токтогон. Бул аймактагы окуядан Кыргызстандын эки жай тургуну олуттуу жаракат алышкан.

Пикир

Оставить комментарий