• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу

Коом 0

Бишкек, 14.03.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, чек арада "уруш" болбосо да, Баткенде чек ара тарапта чогулган эл бар. Чек ара кызматы билдиргендей, абал көзөмөлгө алынган.

"Тажик тарап менен облустук деңгээлде жолду ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө", - деп билдиришти чек ара кызматынан.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-март күнү саат 15:30да Кожогар аймагында КРнын Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби, Баткен облусундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.

Пикир

Оставить комментарий