• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, атышуулар катталган жок – Чек ара кызматы

Коом 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. 2021-жылы 1-май 09:00го карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп бааланууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн түнү жаңжал жана атышуулар катталган жок.

Көк-Таш, Самаркандек, Арка-1, Арка-2 жана Борбордук айылдарындагы абал туруктуу.

Жака-Өрүк тилкесиндеги Ош – Исфана унаа жолу, андан тышкары Төрт-Көчө жергесиндеги жолдор тазаланды жана ачык.

Чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек аранын линиясын кайтарышууда.

Пикир

Оставить комментарий