• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу — КР Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен районундагы Дахме жергесинде түн тынч өттү, кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-декабрда саат 23:30да Баткен районунун Төрт-Көчө жергесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага жакын райондорунун акимдери, укук коргоо жана компетенттүү органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Баткен облусунун Дахме жергесиндеги мамлекеттик чек арага жакын жерде орун алган окуя, тактап айтканда, белгисиз адамдар Тажикстан тараптан 7-8 ирет ок чыгаргандыгы тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында коомдук тартипти жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу максатында тараптардын укук коргоо органдары 2021-жылдын 2-декабрынан тартып чек ара аймагында биргелешкен күзөт иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Эки тараптын чек ара бөлүктөрү күзөт иштерин күн сайын өткөрүп турат.

2021-жылдын 2-декабры саат 09.00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий