• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу – МЧК

Коом 0

Бишкек, 09.02.18. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу,-деп билдирет КР Мамлекеттик чек ара (МЧК) кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү.

Маалыматка ылайык, Тажикстан менен чектешкен чек арадагы бардык беш көзөмөл өткөрүү пункту кадимки тартипте иштеп жатат.

КР МЧКнын өкүлдөрү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жетекчилери менен биргеликте Баткен облусунун Лейлей районунун тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Эске сала кетсек, кечээ Тажикстан Кулунду" жана "Кайрагач" өткөрүү бекеттерин бир тараптуу жаап, адамдардын, транспорт каражаттары жана жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу салган.

Маалымат болгондой кечээ чек арадагы абал жөнгө салынып, өткөрмө бекеттердеги чектөөлөр алынган.

Пикир

Оставить комментарий