• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу

Аймак 0

Бишкек, 23.04.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргызстан Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ММК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Чек ара кызматы белгилегендей, кечээ күнү кечки маал бир окуядан улам Тажикстандын жараны Кыргызстандын 9 жаштагы Ш.К. уулу аттуу жаранын кармап "Ворух" анклавына алып кетип, Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берген. Ал тажикстандык жаран эки өлкөнүн чек арасынын шарттуу чектери өткөн жерге жакын Каравшин суусунда тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан.

Жарым сааттан кийин тажик тарап баланы кыргыз тарапка кайтарып берген. Тажик чек арачылары билдиргендей, баланы кармаган тажикстандык жаран, бала бир күн мурун анын экскаваторунун айнегин сындырганын айткан. Буга нааразы болгон кыргызстандык 50-60 жаран Аксай айылынын борборунда чогулушкан.

Абалды жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү жолугушкан.

Андан тышкары, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара мекемелеринин жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүп, мурда түзүлгөн макулдашууларды кармануу, маселени сүйлөшүү аркылуу чечүү керектигин белгилешкен.

Чек ара кызматы билдиргендей, учурда чек арадагы абал туруктуу жана эки өлкөнүн чек арачылары абалды көзөмөлдөп турушат. Чек арага жакын жерде элдин топтолгону байкалбайт.

Жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий