• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркаган жоокерлер Бишкекке алынып келди

Коом 0

Бишкек, 04.06.22. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесиндеги кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде болгон атышууда жабыркаган Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери бүгүн, 4-июнда Бишкекке алынып келди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар тиешелүү медициналык жардам алуу үчүн мекемелерге жөнөтүлүп, дарылануусун улантат.

Ведомстводон белгилешкендей, КР УКМКнын Чек ара кызматынын жарадар болгон аскер кызматкерлерине бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү маселеси УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин жеке көзөмөлүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин КР УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз чек арачылары Баткен районунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип кеткенин байкашканын билдирген. Кыргыз жоокерлеринин Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей ок чыгарган.

“Жыйынтыгында эки өлкөнүн чек ара кызматкерлеринин ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномёт колдоно баштаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар болгон жок. Кырдаалды турукташтыруу максатында окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы К. Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири Р. Миршакиров жөнөп кетти”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин КР Чек ара кызматы Тажикстан чек арага оор техника каражаттарын тартып жаткандыгын кабарлаган.

“Тажик тарап аскердик оор техника каражаттарын чек арага тартууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чаралар көрүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Болжол менен саат 14:15те ок атышуу токтоп, тараптар сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн.

КР Чек ара кызматынан билдиришкендей, кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өтүп, абал салыштырмалуу туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий