• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда курман болгон аскердин сөөгү Кыргызстанга алып келинди

Коом 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 8-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам курман болгон КР УКМК Чек ара кызматынын аскер кызматкери, сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү бүгүн, 9-июлда, саат 22:30да алып келинди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, табыт Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери жана КР УКМК Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда Кыргызстандын аймагына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы "Кайрагач-авто жол" (КР) көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу алынып келинди.

Тажик аскер кызматкерлери тарабынан кармалган КР УКМК Чек ара кызматынын чек арачысын алып келүү боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатат.

Ал эми саат 19:18де чамасында Чашмагильдан ашуусунда кыргыз тарапка 3 кызматтык аттар жабдыктары менен өткөрүлүп берилген.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 8-июлунда саат 17:00 чамасында КР УКМК Чек ара кызматынын атчан чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районунун Наумина ашуусуна жакын жерде кызматын өтөп жаткан, аталган багыттан Чашмагильдан ашуусуна карай кетип бара жатышканда Тажикстандын чек арачылары тарабынан күтүүсүздөн кол салууга кабылышкан. Натыйжада кыргызстандык аскер курман болду.

Алдын ала маалыматка караганда, Тажикстан тараптан да каза болгондор жана жараат алгандар бар.

Пикир

Оставить комментарий