• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Баткен жана Согди облусунун өкүлдөрү жолукту

Аймак 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-майда кыргыз-тажик чек арасында Баткен жана Согди облус башчыларынын биринчи орун басарларынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутовдун жетекчилиги менен өткөн эки тараптуу жолугушууга Баткен районунун акими жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Тажикстан тараптан Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасынын биринчи орун басары, Исфара районунун акими жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери келди.

Маалым болгондой, жолугушуу кыргыз-тажик чек арасында өттү. Анда тараптар чек аралаш аймакта чыр-чатактын алдын алуу, пикир келишпестиктерге жол бербөө, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөштү.

Ошондой эле чек аралаш аймакта элдин коопсуздугун сактоо жана коронавирус оорусунун жайылып кетүү коркунучунун алдын алуу максатында, калк жыш жайгашкан чек ара айылдарында милиция кызматкерлеринин жөө кайгуул күзөтүн күчөтө турган болушту.

"Ал эми буга чейинки кол коюлган макулдашууларга ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын такталып, жазыла элек аймактарында, курулуш курбоо, убактылуу жер айдап эгин айдоо сыяктуу жумуштарды токтотуп турууну макулдашты. 8-майда болуп өткөн чыр чатактын кесепеттери боюнча эки тараптын тийиштүү кызматтары биргеликте иштеп, келип чыккан материалдык чыгымдарды тактоо боюнча сүйлөшүштү. Ал эми чыр чатакка себеп болгон талаштуу участкалар боюнча, эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясы иштегендиктен, коронавирус оорусу боюнча кырдаал турукташканда, маселелер эки тараптуу жолугушууда каралаары белгиленди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 8-майда Баткен облусунун Чек аттуу жергесинде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Кыргызстандын 30-40 жараны жана Тажикстандын 30-40 жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. Чыр учурунда аңчы мылтыгынан ок атылган. Чырдын курчушун болтурбоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Кырдаал бир нече убакытка басаңдаган. Чыр басаңдаганда эки өлкөнүн жарандары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Бирок, Тажикстандын чек ара кызматкерлери күтүүсүздөн миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок ата баштаган.

Натыйжасында кыргызстандык 4 адам (3 аскер кызматкери жана 1 жаран) жараат алып, алардын үчөө Баткен облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Ал эми бирөө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Бүгүн, 10-майда чек арада ок тийген аскерлер Бишкекке алып келинди.

Пикир

Оставить комментарий