• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Эки киши жарадар болсо, 4 адам ар кандай жаракат алган

Коом 0

Бишкек, 18.12.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан улам 2 жаран октон жарадар болсо, 4 адам ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Чек ара кызматы ИИМдин Ички аскерлеринин жоокери жарадар болгонун билдирген. Учурда жарадар болгон жоокерге Баткен облустук ооруканасында операция жасалууда.

"Алдын ала маалымат боюнча, Кыргызстандын бир жараны – Самаркандык айылдык кеңешинин депутаты жарадар болгон. Ошондой эле, дагы 4 адам жаракат алган. Алардын ичинде үчөө ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери болушат", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Учурда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү, облустук администрация жетекчилеринин орун басарлары жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү улантышууда. Аны менен бирге эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, кечээ, 17-декабрь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында тактала элек чек ара тилкесинде тажик жарандары Кыргызстандын жаранын сабап кетишкен. Жабыркаган жаран облустук ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн саат 9:30дар чамасында Көк-Таш айылында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда кайым айтышуу болуп, бири-бирине таш ыргыта башташкан.

Чырды жөнгө салуу максатында жерине эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрү, облустук администрациянын жетекчилери жана тартип сакчылар келген.

Түшкө маал сүйлөшүү учурунда эки эл ортосунда кайра чыр чыгып, натыйжада сүйлөшүүлөр токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий