• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Эки тарап бир пикирге келишти

Аймак 0

Бишкек, 26.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 26-октябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча кезектеги сүйлөшүү жүрдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга өкүлдүн аппаратынын укук, тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Мусурманбек Турсуматов, Баткен районунун акиминин орун басары Адыбек Набиев, Тажик Республикасынын Исфара районунун акиминин орун басары жана эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Сүйлөшүү учурунда эки тарап бир пикирге келип, такталбаган аймакта жүргүзгөн курулуш учурда токтотулуп, тажик тарап жерге төшөлгөн таза суу түтүктөрүн алып, казылган жолду калыбына келтирип жатышат.

Учурда чек арада абал тынч. Топтолгон жарандар тарады.

Белгилей кетсек, кечээ, 25-октябрда, Баткен районунун Тажикстан менен чектеш жайгашкан Үч-Дөбө айылынын аймагынан, тажик жарандары таза суу түтүгүн алып өтүү максатында курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Мындан улам кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестик жаралган.

Тажик тарап курулуш иштерин Кыргызстандын аймагы болуп эсептелген 50 метр аралыкта жана тактала элек аймакта жүргүзүшкөн. Мындан улам Кыргызстандын чек арачылары, буга чейинки эки тараптуу макулдашууга ылайык, делимитация жүрө элек аймакта курулуш курууга мүмкүн эместигин эскертип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Тажик тарап курулуш иштерин токтоткон болчу.

Пикир

Оставить комментарий