• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Өндүрүш иши башталып, милиция абалды көзөмөлгө алды

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абалга байланыштуу өндүрүш иши башталып, милиция абалды көзөмөлгө алды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Баткенблустук милициясы Баткен районунун Аксай айыл аймагынын "Головной" участкасында болгон окуяга төмөнкүдөй расмий маалымат берет.

"2021-жылдын 28-апрелинде саат 11ге жакын Баткен районунун Аксай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы "Головной" участкасындагы суу бөлүштүрүүчү жайындагы электр жарыткыч мамычасына Тажикстандын Исфара районунун Чоркух жамааты 3 даана видеобайкоочу камераларды орноткон.

Бул окуя боюнча эки өлкөнүн жергиликтүү айылдык бийликтери сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан кезде Тажикстан тарабынын белгисиз ок атуучу куралдан белгисиз тарапка 2 жолу ок атылган. Бул окуя Баткен РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жогорудагы жолугушуудан майнап чыкпагандан соң, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайда эки өлкөнүн облустук деңгээлдеги бийлик өкүлдөрү, күч түзүмдөрү жолугушуп, тажик тараптан коюлган видеобайкоолорду алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Бирок эки тарап тең бир чечимге келе албаганда эки өлкөнүн алгач 30дай жараны топтолуп, кийин элдер чогулуп бири-бирине таш ыргытып, массалык башаламандыктарды жараткан. Ошол башаламандык кезде тажик тараптан өздөрүнүн ичинде 3-4 жолу асманга ок атылганы угулган.

Натыйжада Баткен районунун Көк-Таш айылынын 2 тургунунун, Самаркандек айылынын 1 тургунунун денелерине таш тийип, жергиликтүү айылдык ооруканага кайрылган. Денесинен жараат алган жарандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Жогорудагы башаламандык Баткен РИИБнин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси ("массалык башаламандык") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын сүйлөшүүлөрү жүрүп, окуя болгон жерге топтолгон жарандар таркап кеткен.

Азыркы учурда аталган аймакта абалды милиция кызматкерлери көзөмөлгө алып, толук кандуу иш алып барууда".

Пикир

Оставить комментарий