• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Ок атуу токтоду

Аймак 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Тажикстан тараптан ок атуулар токтоду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан белгилешкендей, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бирок бир аз чыңалуу бар. Азыркы тапта чек ара бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

"Көзөмөл өткөрмө жайлары кадимки тартипте иштеп жатат", - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде күч түзүмдөрдүн иш-аракетин Баткен облусунда жүргөн КР Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары – Башкы штабдын башчысы Абдикарим Алимбаев координациялоодо.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Чек ара кызматы билдиргендей, 9-январдан 10-январга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:40тар чамасында Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде белгисиз адамдар Баткен шаарына бара жаткан Кыргызстандын жаранына таандык унааны таш менен ургулашып, Тажикстандын аймагына кире качышкан.

КР укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, унаанын ичиндеги Кыргызстандын жарандарынын арасынан жаракат алгандар бар. Унаанын арткы жана капталдагы айнектери талкаланган.

"Болжол менен саат 02:40та Дахма жергесинде Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жаранынын үйүн таш менен ургулашкан. Кыргызстандын ал жаранынын үйүнө укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге бараткан чек арачылар Тажикстан тараптан майда калибрлүү мергенчилик куралдан чыккан окторду табышкан. Ок атуулар тажик тараптан гана чыгып, маал-маалы менен кайталанууда", - деп билдирген Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий