• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Тажик тарап тосмону алат

Кырсык 0

Бишкек, 17.12.19. /Кабар/. Кечээ, 16-декабрь күнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда болгон чырдан улам Кыргызстандын бир жараны бутунан жаракат алган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров билдирди.

Ал белгилегендей, Көк-Таш айылынын Дахма тилкеси менен чектешкен Тажикстандын Исфара районунун Самонён айылынын тургундары чек ара аймакта жайгашкан дүкөндү тунуке менен тосуп алышкан. Мындан улам, болжол менен саат 12:30да Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде 20га жакын кыргыз жарандары чогулган. Ошол учурда топтолгон кыргыз жарандарын Тажикстандын белгисиз жараны "Опель Вектра" үлгүсүндөгү унаасы менен токтобой сүзүп өтүп кеткен.

Натыйжада Кыргызстандын 23 жаштагы М.А. уулу аттуу жараны сол бутунун тизесинен жаракат алган.

Окуядан кийин эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү жана Тажикстандын Согдий облусунун губернаторунун орун басарынын катышуусу менен жолугушуу өткөрүшүп, делимитация жана демаркация боюнча өкмөттөр аралык комиссиясы тактала элек чек ара тилкелерин аныктаганча баардык иштерди токтотуп туруу чечими кабыл алынган.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тажикстандын бийлик өкүлдөрү тосмо 18-декабрь күнү эрте менен алынарын билдиришкен.

Тараптар эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жергиликтүүлөр тарап кеткен.

Пикир

Оставить комментарий