• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: Жунушалиев жабыркагандардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Бүгүн, 23-июлда кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандардын абалынан КР Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен КР вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кабар алышкан.

Баткен облустук ИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, министр Баткен биргелешкен ооруканасынын сыныктар жана хирургия бөлүмүндө жаткан жарандардын саламаттыгын сурап, тез сакайып кетишин каалаган.

Билдирүүгө ылайык, жабыркагандардын арасында кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда таш жана ок тийип жараат алган милиция кызматкерлери да бар.

“Сиздердин тезинен сакайып кетишиңерге тилектешмин. Бул үчүн бардык шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп беребиз”, - деп билдирген ИИМ башчысы.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы окуя кечээ, 22-июль күнү болжол менен саат 17:30да болгон. Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылынын тургундары мурда "Аксай" деген жазуу турган жерге желек орнотоюн деген. Ал нерсе Кыргызстандын жарандарынын нааразычылыгын туудурган. Эки тарап бири-бирине таш ыргытып, ок ата баштаган. Жыйынтыгында 14 киши жаракат алган. Жаракат алгандардын арасында милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери бар.

Ал ортодо чек арадагы башаламандыкка байланыштуу Баткен облустук ИИБси кылмыш ишин козгоду.

Пикир

Оставить комментарий