• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 11 жаштагы бала жабыркап, ооруканага түштү

Кырсык 0

Бишкек, 14.09.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан 11 жаштагы бала жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-сентябрь саат 21:00гө карата Лейлек райондук дарыгерлердин жалпы практика борборуна чек арадагы окуядан жабыркаган дагы бир жай тургун келип түшкөн.

Ооруканага 11 жаштагы С.Н. аттуу өспүрүм келип түштү. Анын ийининин сол тарабы жана астыңкы жаагынын сол тарабы жабыркаган. Ошондой эле 21 жаштагы Г.у.Б. аттуу жигит башынан жараат алган, абалы орто оор жана 31 жаштагы И.к.Б. аттуу келин белинен жараат алып, операцияга киргизилген. Анын абалы өтө оор экендиги айтылат.

Чек арадагы окуядан улам Баткендеги бардык саламаттык сактоо уюмдары күчөтүлгөн жеримде иш алып барууда. Орундуктар жана дары-дармектер жетиштүү санда бар.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылган.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, - деп айтылат маалыматта.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасын көздөй ок чыгарган, ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Көп өтпөй атышуу токтогон.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий