• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандар Бишкекке алынып келди

Аймак 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам жаракат алган 10 адам алынып келди. Алардын ичинде 2 аял жана бир жаш бала бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Учурда баардыгы медициналык текшерүүдөн өтүшүүдө. Алардын абалы туруктуу. Бейтаптар баардык керектүү дары-дармектер менен камсыз болууда.

“Андан тышкары, 3 бейтап Лейлектин аймактык ооруканасында жатат. Экөөнө операция жасалып, алардын абалы туруктуу оор. Дагы бир бейтапка операция жасалууда”, - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Жыйынтыгында кыргыз тараптан 13 адам жаракат алып (7 аскер, 6 тургун), 1 аскер кызматкери көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий