• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы Достук айылында бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.12.19. /Кабар/. Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Достук айылында бала бакча толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айылдагы бала бакчанын ачылуу аземине өкмөттүн облустагы өкүлү Акрам Мадумаров баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана донорлор, айыл тургундары катышты.

Бала бакчанын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине Корея эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги КОИКА уюмунан 24 миң АКШ доллары, жергиликтүү бюджеттен 276 миң сом, айыл элинен 26 миң сом салым болгон. Бала бакча жалпысынан 30 балага ылайыкташкан.

«Буга чейин бала бакчанын имаратында тиешелүү шарттар болгон эмес. Ондоп-түзөө жумуштарынан кийин, бала бакчага кошумча ашкана курулуп, керектүү шарттар түзүлдү» , - деп айтылат маалыматта.

Достук айылы үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. Айылда 60 кожолук эл жашайт.

Пикир

Оставить комментарий