• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү башталды

Кырсык 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча сүйлөшүү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 8-май күнү Баткен облусунун Тажикстан Республикасы менен чек арасында курал колдонуу менен катталган окуя боюнча өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода акыркы эки сааттын ичинде телефон аркылуу үч ирет сүйлөштү.

Тараптар кырдаалды жөнгө салуу, чыр чатактын күчөп кетүүсүнө жол бербөө, жергиликтүү элге зыян келтирбөө менен коопсуздукту сактоо боюнча сүйлөшүп, жакынкы аралыктарда жолугушууну макулдашты.

"Облус башчыларынын тапшырмасы менен Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын биринчи орун басарларынын деңгээлинде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө участкасында сүйлөшүү башталууда. Сүйлөшүүгө эки тараптан чек ара, ички иштер жана улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматынын облустагы жетекчилери да катышууда. Азыркы сааттардагы маалыматка ылайык, чыр чатактан Кыргызстандын үч чек арачысы бир жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканага жеткирилди", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыгып, учурда абал оор деп мүнөздөлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий