• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды иликтөө боюнча биргелешкен топ түзүлөт

Аймак 0

Бишкек. 15.03.19 /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын кесепеттерин иликтөө боюнча биргелешкен тергөө топтору түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн окуя болгон жерде жүрөт.

Учурда кечээки күндөн бери Тажикстандын премьер-министринин орун басары Азим Иброхим баштаган тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдүн эки раунду өткөрүлдү.

Жеңиш Разаков өзгөчө белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар орун алган бардык маселелерди четтетүү жөнүндө эки жактуу ниеттерин билдиришти жана өз ара шарттарды талкуулашты. Ал баса белгилегендей, тажик тарап да жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

«Эки тараптан жабыркагандар боюнча биз биргелешкен тергөө топторун түзүүнү сунуштадык, ага эки өлкөнүн Башкы прокуратура жана Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү киришет», - деп белгиледи Разаков.

Ал кошумчалагандай, кыргыз жана тажик тараптан калк арасында радикалдуу ниеттегилер жок.

«Бардык чечимдер биздин өз ара кызыкчылыктарга дал келүүгө тийиш. Бул маселе бүгүн чыгып жаткан жок жана биз жагдайды курчутпашыбыз керек», - деди вице-премьер-министр.

Белгилей кетсек, мамлекеттик чек ара тилкесинде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөр улантылат.

Пикир

Оставить комментарий