• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда эч ким жаракат алган жок

Кырсык 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда КР УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамынын арасында жаракат алгандар жок.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Согдий багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланууда. Ошондой эле жолугушууда эки өлкөнүн чектеш облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышууда.

“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстандын "Булак-Башы" жана Тажикстандын "Кех" чек ара постторунун ортосунда ок атышуунун келип чыккан себебин талкуулашууда. Сүйлөшүүлөрдүн биринчи эле жыйынтыгы болуп тарамдардын ок атууга ээлеген позицияларынан алуу болду”, - деп айтылат маалыматта.

Саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп бааланууда.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-июнда таңга маал Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасында кайрадан ок атылган.

Пикир

Оставить комментарий