• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жабыркаган аскер кызматкерлери Бишкекке алып келинди

Коом 0

Бишкек, 10.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-майда Баткен облустук бириккен ооруканасынан Бишкекке атайын борт менен кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда жаракат алган 3 адам алынып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Алардын бардыгы Улуттук госпиталга жаткырылды.

1.Жабыркаган М.С. уулу, 1994-жылы туулган. Кыр арка сөөгүнүн көкүрөк тушуна ок тийген. Ичине, жамбаш сөөк бөлүгүнө ок тийген. Анестезиология жана реанимация бөлүмүнө жаткырылган, абалы туруктуу оор деп бааланууда.

2. Жабыркагандар М.А. уулу, 1995-жылы туулган жана Ч.Т. уулу, 1994-жылы туулган көкүрөк тушуна ок тийген. Хирургия бөлүмүнө жаткырылган, абалдары салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.

Учурда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин, Миталип Мамытовдун жана башка адистердин катышуусунда консилиум өтүүдө. Жыйынтыгында бейтаптарды андан ары дарылоо тактикасы аныкталат.

Белгилей кетсек, 8-майда Баткен облусунун Чек аттуу жергесинде ал жердин 50 сотук жерин пайдалануу маселеси боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Кыргызстандын 30-40 жараны жана Тажикстандын 30-40 жараны бири-бирине таш ыргыта баштаган. Чыр учурунда аңчы мылтыгынан ок атылган. Чырдын курчушун болтурбоо үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок атышкан. Кырдаал бир нече убакытка басаңдаган. Чыр басаңдаганда эки өлкөнүн жарандары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Бирок, Тажикстандын чек ара кызматкерлери күтүүсүздөн миномет менен кыргыз чек арачылары жана Кыргызстандын жарандары тарапка ок ата баштаган.

Натыйжасында кыргызстандык 4 адам (3 аскер кызматкери жана 1 жаран) жараат алып, алардын үчөө Баткен облустук бириктирилген ооруканасына жаткырылган. Ал эми бирөө медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин канааттандырарлык абалда амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Үч бейтаптын бирөөсүнүн абалы өтө оор деп, ал эми экөөнүн абалдары орточо оор деп бааланган.

Пикир

Оставить комментарий