• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя: Ак-Сайдан дагы 351 адам көчүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Аксай айылынан дагы 351 адам Баткен шаарына көчүрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун басма сөз катчысы Бегимай Асанова билдирди.

Белгилей кетсек буга чейин, кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккандан кийин Баткен районунун Аксай айылынан 315 тургун Баткен шаарына көчүрүлгөнү айтылган.

Асанова билдиргендей, кечээ "Кызыл жарым ай" коому 274 адамга эрте мененки жана түшкү тамак, суу жеткирип берген. Кошумча 300 адамга түшкү тамак берилген.

Ал белгилегендей, бүгүн да алар тарабынан жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий