• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя: Эки аскер кызматкери ооруканадан чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 22.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 22-май күнү, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда жарадар болгон 2 аскер кызматкердин дарылануусу аяктап, Улуттук госпиталдан чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, алардын абалы канааттандырарлык.

"Үчүнчү аскер кызматкери ооруканада дарыланууда. Анын абалы туруктуу деп бааланууда. 19-майда академик Миталип Мамытовдун катышуусу менен Бурденко атындагы Нейрохирургия борборундагы россиялык кесиптештер менен бирге кеңешме өткөрүлгөн. Кеңешме ойлайн түрдө өткөрүлдү. Анын жыйынтыгы менен бейтапты дарылоо иштерине түзөтүүлөр киргизилди. Дары-дармектер жана медициналык каражаттар жетиштүү", - деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысы жана бир жергиликтүү тургун жарадар болгон: үчөө ооруканага жаткырылып, бирөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. 10-май күнү ооруканага жаткырылган 3 аскер кызматкери Бишкекке алынып келген.

Пикир

Оставить комментарий