• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя: Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү

Аймак 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 17-сентябрь күнү Тажикстандын Согдий облусунун Гафур районуна караштуу Овчи-Калача конушунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

"КР Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары - Башкы штабдын башчысы полковник Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмонали кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги абалды талкуулашып, биргеликте иш алып баруу маселесин карашкан", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Жакынкы сааттарда эки тараптын мамлекеттик орган жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр өтөт.

Пикир

Оставить комментарий