• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя: ИИМ "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду

Коом 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам аскер кызматкеринин өлүмүнө байланыштуу "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча катталган.

Белгилей кетсек, кечээ, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылды. Жаңжалдын чыгышына чек арага жакын жердеги такталбаган аймакка тажик жарандары курулуш иштерин баштаганы себеп болгон. Жыйынтыгында кыргыз тараптан 13 адам жаракат алып (7 аскер, 6 тургун), 1 аскер кызматкери көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий