• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуя: Тажикстандын элчиси ТИМге чакыртылды

Саясат 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Бүгүн түндө кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяга байланыштуу Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси КР Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле министрликтен белгилешкендей, Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери телефон аркылуу сүйлөшкөн.

"Тышкы иштер министри Ч. Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри С. Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анда ал Тажикстан жарандары тарабынан Кыргызстандын жарандарынын унаасына таш ыргытылышына, ок атуучу куралдын колдонушуна тынчсызданууну билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак ИИМден билдиришкендей, 9-январдан 10-январга караган түнү саат 00:40 чамасында Баткен районунун Орто-Боз айылынын Жака-Өрүк тилкеси аркылуу өткөн "Ош-Баткен-Исфана" унаа жолунда Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургуну М.Сга таандык болгон "Хонда Одиссей" үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары тарабынан таш ыргытылып, терезелерин талкаланган.

"Ошол эле күнү саат 01:10 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Кара тилкеси аркылуу өткөн "Ош-Баткен-Исфана" унаа жолунда Баткен районунун Достук айылынын тургуну 25 жаштагы М.Шга таандык болгон "Фольксваген Гольф-4" үлгүсүндөгү унаасына тажик жарандары таш ыргытышып, унаанын терезелерин талкалашкан. Аталган окуя Баткен райондук милициясынын Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иш чаралары, териштирүү, тергөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришкен ИИМден.

Саат 02:40 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз ок атуучу куралдан ок атылган. Азыркы учурда ок атуучу куралдан жаракат алып, кайрылган атуулдар жок. Түндө Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары (балдар жана аялдар) ошол эле айылда жайгашкан орто мектептин имаратына убактылуу көчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий