• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам үзгүлтүккө учураган аба чубалгылары калыбына келтирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. "Ошэлектр" ишканасынын кызматкерлери кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам үзгүлтүккө учураган аба чубалгыларын калыбына келтирүүдө.

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери коопсуздукту көзөмөлдөөдө.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам Баткен районунун Көк-Терек, Көк-Терек участкаларында электр энергиялары үзгүлтүккө учураган.

Азыркы тапта эки тараптын тең адистери ошол жерлерде электр энергияларын оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө. Милиция кызматкерлери эки элдин адистеринин коопсуздугун камсыздап, жеринде иш алып барууда.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.

Чек арадагы чырдан 11 адам жабыркап, ӨКМ чек ара тилкесинде жашаган 11 миңден ашуун адамды коопсуз жайга эвакуациялады.

Ал ортодо КРнын Ички иштер министрлиги Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий