• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жараат алгандарга жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 08.08.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жараат алгандарга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкуүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалымакта ылайык, Баткен облусунун башчысы Алишер Абдрахмановдун тапшырмасы менен өкүлдүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов облустук ооруканага барып, 6-августта кыргыз-тажик чек арасында жараат алган жарандардан кабар алган.

"Максутов чек арачылардын жана чек аралаш аймакта жашаган ар бир тургундун мамлекеттик чек араны коргоодо жана коопсуздукту камсыз кылууда салымы зор экендигин белгилеп, аларга тезирээк сакайып кетүүсүн каалады.Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун резервдик фондунан акчалай жардам көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда жараат алган чек арачынын абалы орто, ал эми Көк-Таш айылынын тургунунун абалы оор деп бааланууда.

Чек арадагы окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Укук коргоо органдары тарабынан ыкчам тергөө амалдары жүрүүдө. Учурда чек аралаш аймактарда абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий