• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жаракат алган милиция кызматкерине сыйлык тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 08.05.19. /Кабар/. Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) жетекчиси Аскарбек Аширалиев кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам жаракат алган милиция кызматкерине сыйлык тапшырды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 13-14-мартында Баткен районунун Аксай айылында кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам коомдук тартипти сактап, милдетин аткарып жүргөн Баткен райондук милициясынын кызматкери Улукбек Жаныкуловго ок тийген. Жаракат алган милиция кызматкери Баткен облустук ооруканасына жаткырылган болчу. Азыркы күндө ал ооруканадан айыгып чыккан.

Улукбек Жаныкуловго "Кыргыз милициясына 90 жыл" мааракелик медалын тапшырган Аскарбек Аширалиев өз каалоо-тилектерин айтып өткөн.

"Чек ара чыр-чатактарын алдын алууда Баткен милициясынын ролу чоң. Ар бириңиздердин жасаган кызматыңыздарды жан-дүйнөм менен сезип турам. Ошентсе да Улукбек кырсыкка кабылды. Мындан кийин мындай окуялар кайталанбасын", - деген ал.

Пикир

Оставить комментарий