• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү бекеттери убактылуу жабык турат — Чек ара кызматы

Аймак 0

Бишкек, 02.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү бекеттери убактылуу жабык турат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында УКМКнын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Назаралы уулу билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасында чоң кагылышуу болду.

“Мурун кичинекей Ак-Сай же Кулунду айылдарында маселе жаралса, азыр Баткен жана Лейлек райондорунун чек арасында болду. Ошондуктан эки өлкөнүн жарандарынын коопсуздугу үчүн бүгүнкү күндө убактылуу көзөмөл-өткөрүү бекеттери жабык турат. Турукташкандан кийин чечилет”, - дейт ал.

Талантбек Назаралы уулу акыркы суткада чыр-чатак, ок атуулар катталган жоктугун белгиледи.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 178 адам жабыркап, алардын 34ү набыт болгон.

Кечээ, 1-майда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 4 пункттан турган протокол кабыл алынганын айткан. Ошол эле күнү Тажикстанда барымтада турган Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы жана 9 жергиликтүү тургун кайтарылган.

Бүгүн, 2-май саат 13:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлөт. Тараптар кошумча күч жана каражаттарын мамлекеттик чек ара сызыгынан туруктуу жайгашкан жайларына тартып кетүү иштерин улантууда.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий