• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: Ак-Сайдан 315 адам көчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам Баткен районунун Аксай айылынын 315 жашоочусу Баткен шаарына көчүрүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандагы "Кызыл жарым ай" коомунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 55 адам үй-бүлөлөрдө, 260 адам убактылуу түзүлгөн лагерлерде (№57 лицейинде 56 адам, №3 мектебинде 11 адам, Ленин атындагы мектепте 93 адам) жайгаштырылган. Көпчүлүгү балдар жана аялдар.

Кыргызстандагы "Кызыл жарым ай" коому Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусу менен убактылуу көчүрүлгөн жарандарга 5 чатыр берип, суусундук жана тамак-аш менен камсыздаган. Ал эми жаракаттар менен аймактык ооруканага түшкөндөргө гуманитардык жардам катары кийим-кече берген.

Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы окуя кечээ, 22-июль күнү болжол менен саат 17:30да болгон. Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылынын тургундары мурда "Аксай" деген жазуу турган жерге желек орнотоюн деген. Ал нерсе Кыргызстандын жарандарынын нааразычылыгын туудурган. Эки тарап бири-бирине таш ыргытып, ок ата баштаган. Жыйынтыгында 14 киши жаракат алган. Жаракат алгандардын арасында милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери бар.

Пикир

Оставить комментарий