• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Аймак 0

Бишкек, 14.03.19. /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча сүйлөшүүлөр учурда уланууда. Бул туралуу өкмөттүн
басма сөз кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу "Кабар" агенттигине кабарлады.
Анын айтуусу боюнча, сүйлөшүүлөр КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандын премьер-министринин орун басары Иброхим Азимдин катышуусу менен өтүүдө.
Буга чейин Ж.Разаков жергиликтүү калк жана аксакалдар менен жолугушуп, кырдаалдын курчушуна
жол бербөө керек экендигин баса белгилеген.
Эскерте кетсек, кечээ, 13-март күнү саат 15:30да Кожогар аймагында Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Баткен облусундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.

Пикир

Оставить комментарий