• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: Кечээ дагы бир жаран октон жаракат алган

Коом 0

Бишкек, 15.03.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан улам дагы бир кыргызстандык жаран октон жаракат алган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Мындан мурдараак жаңжал учурунда эки кыргызстандык октон жаракат алып, анын бирөө милиция кызматкери болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кечээ кечинде облустук ооруканага ийинине ой тийген жаран алынып келген.

"Кечээ бутуна ок тийген милиция кызматкери менен ийининен жаракат алган жарандын абалы туруктуу. Бирок, биринчи болуп көкүрөк тушуна ок тийген жаран жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын абалы туруктуу оор. Ал өз алдынча дем ала баштады. Жаракат алгандардын баары дарыланып жатат. Дары-дармек жетиштүү", - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, 13-март күнү саат 15:30 Кожогар аймагында Баткен облусунун Аксай айылы менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочулары ортосунда жаңжал чыккан. Анын себеби Баткен облусундагы Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушу болгон.

Эки өлкөнүн чек арасында 200гө чукул адам чогулуп, кайым айтышуулардан кийин бири-бирине таш ыргыта баштаган. Окуя жерине эки өлкөнүн чек арачылары келип, чырды токтотуп калышкан.

14-март күнү да чек арада кайра чыр чыккан.

Учурда, маселени чечүү үчүн эки кошуна мамлекеттин бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу бойдон калууда.

Пикир

Оставить комментарий