• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал: КР жараны жабыркап, кырдаал курч бойдон калууда

Кырсык 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абал саат 21:40ка карата дагы деле курч бойдон калууда. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирет.

"Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын бир жараны жабыркап, Баткен районунун Самаркандек айылындагы ооруканага жеткирилген. Андан тышкары, тажик жарандары Баткен районундагы Ортобоз айылында жайгашкан жергиликтүү жашоочунун үйүн өрттөп салышкан", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, учурда Төрт-Көчө аймагындагы чектешкен жерде дээрлик 200дөй тургун бар. Өз ара жаңжалдашып жаткан тараптар тарабай жатышат.

Чек ара кызматынан кошумчалашкандай, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары, Баткен облусунун укук коргоо органдары абалды турукташтыруунун аракетин көрүп жатышат.

"Кырдаалга байланыштуу Баткен чек ара бөлүмү күчөтүлгөн тартипке өттү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий