• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Тынчтык жолу менен чечиле турчу көйгөй

Аналитика 0

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынын аягы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал менен эсте калат. Окуянын кесепетинен 36 кыргыз жараны, арасында эки бала курман болгон. Бул күтүлбөгөн жерден болду деп ойлобош керек, анткени талаштуу аймактар ​​боюнча маселе көптөн бери эле турат, бирок ушул күнгө чейин чечилбей келүүдө. Баткен облусунда абал тынчыганы менен окуянын кайталанбашы үчүн бийлик тарабынан дагы көп иштер жасалышы керек.

Өткөн жумада көп нерсе болду — интернет тармактарында активдүү маалыматтык согуш болуп, алар Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүнүн үстүнөн иштешти. Адамдардын ортосундагы түшүнбөстүктөр, жалган маалыматтардын жайылышы жана кырдаалдын курчушу орун алды. Бирок биз, дагы бир жолу адамдар бири-бирине жардам берүүгө даяр экендигине ынандык. Анткени Баткен облусунун жапа чеккен тургундарына жардам берүү үчүн тез арада акча чогултуу, тамак-аш менен камсыз кылуу жана үйлөрдү калыбына келтирүү иштери башталды.

Чыр-чатактын биринчи күндөрүнөн тартып кыргыз тарап кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн күч-аракет жумшап жатты, бирок ал курчуп эле баратты. 30-апрелде президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүүлөр болду. Мамлекет башчылары жаңжалды жөнгө салуу жолдорун талкуулашты. Ошол эле күнү президент кыргыз элине кайрылуу жасады.

“Чек арада тынчтыкты көздөп, стабилдүүлүктү сактап калууга күч үрөгөнүбүзгө карабастан, айрым чагымчыл күчтөрдүн кесепетинен улам кыргыз-тажик чек арасында калабалуу окуялар башталып кетти. Биз бул окуяларды ырбатпай, Кыргызстан менен Тажикстан элдеринин ортосундагы ынтымак-ырашкерликти сактап калуу үчүн эки күндөн бери бардык аракеттерди жасап жатабыз. Чек ара тилкесин аныктоо - карапайым элден да, жетекчиликтен да өтө аярлыкты жана тыкан ишти талап кылган маселе. Дүйнө элдеринин тарыхы буга күбө. Мындай олуттуу маселелер тынчтык сүйлөшүүлөрү аркылуу гана чечилип келген. Тажик Республикасынын жетекчилери, байыркы тажик элинин акылгөй адамдары дагы ушундай эле көз карашта экенине ишенемин. Биздин элдерге тынчтыкты сүйүүчүлүк, бирин бири урматтоо мүнөздүү. Буга биздин көп кылымдык тарыхыбыз далил. Эки элдин достугу "Манас" эпосунда Манас атабыздын Каныкей апабызга сүйүүсү, арзуусу аркылуу чагылдырылгандыгы тегин жерден эмес! 21-кылымда кыргыз менен тажик элдери ынтымакта жашоонун өрнөгүн көрсөтүүгө тийиш”, - деп билдирди президент.

Мамлекет башчы эки өлкө тең өзүнө таандык ресурстар, анын ичинде суу ресурстары үчүн да жооптуу экендигин белгиледи.

“Тилекке каршы, куралдуу кагылышуунун аягы карапайым адамдардын тынч жашоосун бузуп, адам өмүрүнө жана экономикалык чыгымга алып келди. Эки тараптан тең чоң жоготуулар болду. Учурдан пайдаланып, жакындарынан айрылгандарга терең кайгыруу менен көңүл айтамын. Мекен чегин коргоодо жан аябай салгылашып курман болгон жоокерлердин эрдигине таазим этемин. “Согушту башташ оңой, токтотуш оор” деп айтылат. Тынчтык жана бейпилдик баарынан кымбат. Бир нече жылга созулган жарандык согушту баштан кечирген тажик эли дагы муну жакшы түшүнөт деген ойдомун. Улуу Орозо айында мусулман калктарынын кырды бычак болуп кырылышып турганы жакшы жосун эмес. Ошондуктан бардык тараптарды тынчтыкка чакырамын. Азыр эле Тажикистандын президенти Эмомали Шарипович менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Чек аралар жана башка баардык маселелерди тынчтык жана сүйлөшүүлөр жолу менен чечип алалы деп келиштик”, - дейт өлкө башчы.

Эксперттер жана саясат таануучулар аскердик эмес, диалогдун маанилүүлүгүн айтып, чыр бир жылдан ашык убакыттан бери токтобой келе жаткандыгын белгилешти. Мындан тышкары, көптөгөн жарандарда “Эмне үчүн 10 жылдан ашуун убакыттан бери бийлик бул кырдаалды эч кандай жол менен жөнгө сала албай келишкен” деген суроолор жаралууда. Пандемия учурунда буга убакыт болбогону айдан ачык, бирок буга чейин көп убакыт болгон.

Саясат таануучу Игорь Шестаков маегинде жаңжал чыккан алгачкы күндөрү Душанбе диалогго барган эместигин белгиледи.

“Бүгүн эле көйгөй жаралбаганы анык. Менин оюмча, азыр жаңжалдын курчушу эң орчундуу учурларга жетти. Албетте, сүйлөшүү процессин баштоо керек. Менин түшүнүгүм боюнча, расмий Душанбе Кыргызстандын президентинин учурдагы бардык маселелерди жалаң гана тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгы жөнүндө билдирүүсүнө макул эместей. Буга байланыштуу чыр-чатактуу окуялардын мындан ары созулушу бир гана мамлекеттердин коопсуздугуна эмес, ошондой эле жашоочулардын, биринчи кезекте ошол аймактарда жашагандардын коопсуздугуна жана жалпы региондун коопсуздугуна терс таасирин тийгизет. Террористтер менен экстремисттердин чакырыктары жана коркунучтары эч жакка кеткен жок. Өзбекстан аймактык коопсуздукка коркунуч туулуп жатканын түшүнүп, сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылууну сунуштаганы бекеринен эмес”, - деди Шестаков.

Саясат таануучу Азамат Темиркулов чек ара көйгөйлөрү 30 жылдан бери топтолуп келе жаткандыгын, бирок эч кандай жол менен чечилбей жаткандыгын белгиледи.

Эксперт Рахмондун авторитардык режими экономикада болуп жаткан ички көйгөйлөрдөн, тажик режиминин эзүүсүнө туш болгон мусулмандардын нааразычылыгынан, оппозиция менен болгон көйгөйлөрдөн улам тышкы душмандын образын жаратууга аракет кылып жатат деп эсептейт. Ошондуктан саясат таануучу Рахмонго тышкы душман керек болчу деп ойлойт.

Анын айтымында, чыр-чатактуу кырдаалдын келип чыгышынын дагы бир фактору бар.

Темиркулов тажик тарап Кыргызстанда абал туруксуз деген үмүттө кырдаалды курчутууга аракет кылган деп эсептейт. Анткени, алар Кыргызстандагы азыркы бийлик коомду бириктирип, бир пикирге келе албай калып, кыргыз бийлигине кандайдыр бир сындар айтылат деп үмүттөнүшкөн. “Тажик тарап Кыргызстандагы ички саясий кырдаалды колдонуп, өздөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргогусу келген. Ошондуктан, мындай чагымчылдык болгон” - деди саясат таануучу.

Алдыда аткаминерлер талаштуу чек ара аймактарындагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн бир топ иштерди жасашы керек. Мындан тышкары, талкаланган инфраструктураны жана жабыр тарткандардын үйлөрүн калыбына келтирүү керек.

Чек арада атышуу аяктагандан кийин президент аймактык бүтүндүктүн жана чек ара коопсуздугунун маанилүүлүгүн билдирди.

“Тилекке каршы, чоң жоготууларга учурадык. Миңдеген жарандарыбыз жашаган жерлерин аргасыздан таштап кетүүгө мажбур болушту. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм. Элимдин уул-кыздарынын, айрыкча, 12 жашар кызымдын өлүмүнө кайгырып, ичимен кан өтүп турат! Ошондой эле, жүздөгөн жабыркаган жарандарыбыздын тез аранын ичинде сакайып кетишин тилеймин! Мамлекетибиздин ар бир чарчы метр жери үчүн жан аябай салгылашып, жанын берген каарман жоокерлерибиздин эрдигине башымды ийип таазим этемин. Жоокерлерибиз Манас-Атанын чыныгы урпактары, кыргыздын нагыз эр жүрөк баатырлары экендигин далилдеди! Дарыгерлерибиздин, куткаруучуларыбыздын жана гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан ыктыярчыларыбыздын ишин өзгөчө белгилейм. Алардын көк жалдыгы, эрдиги жана күйүмдүүлүгү кийинки муун үчүн өрнөк! Кыргызстандын чек ара жана күч органдарынын айбат көрсөтүп, өз өлкөсүн өжөрлүк менен коргогондугунун натыйжасында сүйлөшүүлөр башталып, бир гана дипломатиялык жолдун зарылдыгы аныкталды. Мен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки ирет сүйлөштүм. Чатакты ырбатпоо үчүн, чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиялар ортосундагы иштин натыйжасында тийиштүү протоколго кол коюлду”, - деп билдирген Жапаров.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий